Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

FT: Өзбекстан Алишер Усмановго каршы санкцияларды алып салууну суранды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв жана Алишер Усманов.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв жана Алишер Усманов.

Өзбекстандын өкмөтү Евробиримдиктен орусиялык олигарх Алишер Усмановго киргизилген санкцияларды алып салууну суранганын Британияда чыккан Financial Times гезити жазды.

Басылма өз булактарына таянып билдиргендей, өзбек бийликтери Евробиримдиктин өкүлдөрү менен жакында болгон жолугушкан учурда санкциялар Усмановдун өлкөгө инвестициясын чектеп жатканын айтып, аларды жокко чыгарууну суранган.

Расмий Ташкент Алишер Усмановдун эжеси Гүлбахор Исмаилованы да санкциялардын тизмесинен чыгарууну суранганы белгиленген. Евробиримдик Усмановдун эжеси анын бир катар активдерине, анын ичинде 600 миллион долларлык "Дилбар" суперяхтасына ээлик кылат деп эсептейт.

Эгер биримдик чектөөлөрдү алып салуу өтүнүчүн четке какса, Брюсселге каршы мүмкүн болгон соттук териштирүүдө Өзбекстан Усмановго юридикалык жардам көрсөтүүнү көздөйт деп жазды Financial Times.

Алишер Усманов Орусия Украинага басып киргенден кийин Еврошаркеттин санкциялык тизмесине илинген. Альянстын расмий журналында Усманов “Орусиянын президенти Владимир Путин менен өтө тыгыз байланышы бар кремлчил олигарх" деп мүнөздөлгөн. Алишер Усманов Путиндин бизнесиндеги көйгөйлөрдү чечүүгө катышы бар деп божомолдонуп келет.

Forbes журналы Алишер Усмановдун байлыгын 14,6 миллиард доллар деп санаган.

XS
SM
MD
LG