Шаардык сот Канат Исаевди абакта калтырды

Канат Исаевдин тарапташтары Бишкек шаардык сотунун алдына нааразылыкка чыгышты. 10-ноябрь, 2022-жыл.

Бишкек шаардык соту 10-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Сот ишти жабык карады. Буга чейин атайын кызмат Исаевге козголгон кылмыш ишинде "жашыруун" деген гриф бар экенин айтып, башка маалымат берген эмес.

Ушул эле күнү Исаевдин жакындары жана тарапташтары аны бошотууну талап кылып шаардык соттун имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Саясатчы Канат Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу саясатчы жана активисттер менен катар 23-октябрда кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирген. Сот Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Исаевдин 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасын өзгөрткөн. Соттун чечими менен саясатчы 23-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.

2017-жылы Канат Исаев "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деген шек менен камалган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отурган. 2018-жылы 18-июлда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылып, алгач 48 саатка, кийин соттун чечими менен эки айга камакка алынганю

Ушул күндөрү Бишкек шаардык соту алардын кармалышынын мыйзамдуулугун жана бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арыздарды карап жатат. (КЕ/TSh)

Дагы караңыз

"Бир дүйнө - 2022" фестивалына ар кайсы өлкөдөн 22 тасма катышатЧек ара бөлүгүндө жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы иликтенип жатат Улукбек Маматаевдин бөгөт чарасы тууралуу чечим күчүндө калдыСаясатчылар Жээнбеков менен Асанов камакта калышты