Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:54

Саясатчылар Жээнбеков менен Асанов камакта калышты


Бектур Асанов Бишкек шаар сотунда. 10-ноябрь, 2022-жыл.
Бектур Асанов Бишкек шаар сотунда. 10-ноябрь, 2022-жыл.

Массалык башаламандык уюштурууга айыпталып эки айга камалган саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Бектур Асановдун апелляциялык арызы канааттандырылган жок.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда Жээнбеков менен Асановдун кармалышы мыйзамдуу болгон деп таап, аларды эки айга камоо тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Сот ага чейин Рита Карасартова менен Асия Сасыкбаеванын да кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

Гүлнара Журабаева, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Кеңешбек Дүйшөбаев, Перизат Суранова, Айбек Бузурманкулов жана Таалай Мадеминовдин бөгөт чарасы 9-ноябрда шаардык сотто каралып, аларды эки айга камоо тууралуу райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылган.

23-октябрда "массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кармалгандар өздөрүнө коюлган айыпка макул эместигин айтып келет.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасын кароо 11-ноябрда да уланат.

Саясатчы Азимбек Бекназаров жана ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. Ал эми Чыңгыз Капаров, Орозайым Нарматова жана Ильгиз Шаменовдун соттук иштери качан өтөрү тууралуу маалымат ачыктала элек. (ZKo/TSh)

XS
SM
MD
LG