Улукбек Маматаевдин бөгөт чарасы тууралуу чечим күчүндө калды

Улукбек Маматаев сотто. 10-ноябрь, 2022-жыл.

Башаламандык уюштурууга айыпталып, эки айга камалган активист Улукбек Маматаевге карата райондук соттун чечими күчүндө калды. Бул чечимди Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда чыгарып, Маматаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Бишкек шаардык соту ага чейин Рита Карасартова менен Асия Сасыкбаеванын кармалышын да мыйзамдуу деп тапты.

Ушул тапта шаардык сотто саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Бектур Асановдун кармалышынын мыйзамдуулугу каралууда.

Гүлнара Журабаева, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Кеңешбек Дүйшөбаев, Перизат Суранова, Айбек Бузурманкулов жана Таалай Мадеминовдин бөгөт чарасы 9-ноябрда каралып, аларды эки айга камоо тууралуу райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылган.

23-октябрда "массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кармалгандар өздөрүнө коюлган айыпка макул эместигин айтып келет.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 11-ноябрда да каралат.

Саясатчы Азимбек Бекназаров жана ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. Ал эми Чыңгыз Капаров, Орозайым Нарматова жана Илгиз Шаменовдун соттук иштери качан өтөрү тууралуу маалымат ачыктала элек.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

Укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбей турганын айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалады. Бир катар эл аралык уюмдар кырдаалга тынчсыздануусун билдирүүдө. (ZKo/TSh)

Дагы караңыз

Карасартова сотто күнөөсүз кармалганын айттыЕврокомиссия Украинага 18 млрд. евролук жардам берүүнү көздөөдө"Кылым шамы" президентке кайрылдыТөкмө акын Болот Назаров бир айга камалдыАктер Шон Пенн "Оскар" сыйлыгын Владимир Зеленскийге тартууладыГенерал Суровикин Херсондон кетүүнү сунуштап, Шойгу макул болду