Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

Төкмө акын Болот Назаров бир айга камалды


Болот Назаров
Болот Назаров

Москва райондук сотунун 9-ноябрдагы чечими менен төкмө акын Болот Назаров 9-декабрга чейин камалды. Чечимге ылайык ал №1 тергөө абагында болот.

Акындын адвокаты Автандил Бакытбек уулу райондук сотунун чечимин облустук сотко даттанарын билдирди.

Болот Назаров Чүйдүн Москва райондук милициясы тарабынан 7-ноябрда кармалган.

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" 9-ноябрда маалымдады. Акын Москва районунун Беловодское айылынын тургунунун атын тартып алууга шек саналып кармалганын, ат далил зат катары алынганын билдирген.

Назаров менен иштешкен Болот Темиров ага жалган жалаа жабылып жатканын, жабырлануучунун тосмо арызын милиция албай жатканын айткан.

Болот Назаровду тойго ырдатканы чакырышып, аягында чепкен жаап, ат мингизишкенин, кийин белек катары берилген жылкы уурдалган деп ырчыны камап коюшканын публицист Олжобай Шакир Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Төкмө акын Болот Назаров Ютубга жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келгени менен таанылган.

Аны быйыл январда милиция иликтөөчү журналист Болот Темиров менен чогуу кармап, камакка алган. Көп өтпөй эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту иликтөөчү журналист Болот Темировду маңзат жана паспорт иши боюнча актаган. Ал эми "документ жасалмалоо" деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чарасы чегерилген эмес. Болот Назаровдун ишин кароо уланып жаткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG