Еврокомиссия Украинага 18 млрд. евролук жардам берүүнү көздөөдө

Согушта талкаланган айыл. Херсон облусу, Украина. 2022-жыл.

Согушта талкаланган айыл. Херсон облусу, Украина. 2022-жыл.

Еврокомиссия 9-ноябрда Украинага 2023-жылга чейин 18 миллиард евролук экономикалык колдоо пакетинин чоо-жайын жарыялады. Комиссия жардам Евробиримдикке мүчө мамлекеттер тарабынан бекитилет деп үмүттөнүүдө.
Планга ылайык, Киевге ай сайын 1,5 миллиард еврону 35 жылдык мөөнөткө насыя түрүндө берет. Үстөгүн Евробиримдик төлөйт.

Бул Орусиянын баскынчылыгына каршы Украинанын өкмөтүн колдоо үчүн берилмекчи.

Насыя тууралуу сунушту Евробиримдикке мүчө мамлекеттер дагы жактырышы керек, алардын айрымдары Украинага бериле турган насыянын үстөгүн төлөөгө макул эмес, алар улам көбөйгөн карызын төлөөдөн күмөн санашкан.

Ошентсе да Еврокомиссия Украинага насыянын алгачкы төлөмү январь айында берилет деп үмүттөнүүдө.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Согуштан Украинанын басымдуу аймагынын инфраструктурасы талкаланып, энергетика тармагынын 40% жабыркаганы кабарланды. Коопсуз жакка жер которуп же башка өлкөлөргө башпаанек издеп кеткендердин саны 10 миллионго чукулдады.

Дагы караңыз

"Кылым шамы" президентке кайрылдыАктер Шон Пенн "Оскар" сыйлыгын Владимир Зеленскийге тартууладыТөкмө акын Болот Назаров бир айга камалдыГенерал Суровикин Херсондон кетүүнү сунуштап, Шойгу макул болду