"Кылым шамы" президентке кайрылды

"Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова.

"Кылым шамы" укук коргоо уюму Кемпир-Абад маселеси боюнча эки айга камалган саясатчы жана активист аялдарды бошотуу талабы менен президентке кайрылды.

Уюмдун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова кайрылууну Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, бул аялдарды бошотуусун өтүндү.

"Бул энелерди камап отурууга зарылчылык канчалык? Улгайган аялдарды да камап отурганы бийликтин алсыздыгы. Өзүңүздүн маегиңизде сиз алардын тагдырын сот чечерин, мунапыс сурап кайрылса болорун айттыңыз. Сизге алардын суранычы зарылбы? Андай болсо ал аялдар үчүн сизден мен суранайын, керек болсо тизелеп чөгөлөйүн, анткени алар үчүн бул кадамдарга баруу - уят эмес", - деп жазды укук коргоочу.


Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу 22-октябрда жыйын өтүп, "Кемпир-Абадды коргоо" комитети түзүлгөн.

23-24-октябрда Кемпир-Абад маселеси менен жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана журналисттер кармалып, эки айга камалган. Бишкек шаардык соту 9-ноябрдан тартып алардын бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карай баштады.

Президент Садыр Жапаров булардын кармалышын комментарийлеп, сот ишине кийлигише албай турганын айткан. Мамлекет башчы алар чек ара маселесине эмес, бийликти алууга кызыкдар экенин "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Актер Шон Пенн "Оскар" сыйлыгын Владимир Зеленскийге тартууладыТөкмө акын Болот Назаров бир айга камалдыГенерал Суровикин Херсондон кетүүнү сунуштап, Шойгу макул болду Милиция Караколдо күйөөсү бычактаган келин каза болгонун билдирдиМекемелер лампаны Майлуу-Суу заводунан сатып алууга милдеттендирилет