Америкалык киножылдыз, Голливуд актеру Шон Пенн Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 8-ноябрда Киевде жолугушту.
Анда актер өзүнүн "Оскар" сыйлыгын - америкалык киноакадемиянын байгеси - статуэтканы президент Зеленскийге тартуулады. Пенн сыйлыгын Украинанын согушта жеңип чыгуусуна үмүт жана ишенимдин символу деп атады.
Владимир Зеленский өзү артист болуп жүргөн чагында "Оскар" анын кыялы болгонун эскерди жана Украинанын жеңишинен соң, статуэтканы сөзсүз ээсине кайтарууну убада кылды.
Зеленский америкалык актерду украин элин колдоосуна ыраазычылык иретинде III даражадагы "Сиңген эмгеги үчүн" ордени менен сыйлады.
Шон Пенн орус-украин согушу башталгандан бери үчүнчү жолу Украинага барды. Былтыр күзүндө ал Украинада саясий күрөш тууралуу даректүү тасма тартууну баштаган. Тасманы тартуу согуш башталгандан кийин уланып, Пенн Америкага быйыл мартта кеткен. Жай айларында кайтып келип, фильм тартууну уланткан. Ал украин элин колдорун бир нече ирет айтып, АКШ бийлигин Украинага жардамды кеңейтүүгө чакырган.
Шон Пенн - америкалык актер, кинорежиссёр жана продюсер. Ал "Оскар" сыйлыгын эки ирет: 2004-жылы "Сырдуу дарыя" тасмасындагы башкы ролу, 2009-жылы "Харви" тасмасындагы ролу үчүн алган.
Андан тышкары Канн, Венециан, Берлин кинофестивалдарынын жана башка көптөгөн сынактардын лауреаты. Саясий активист, көп жылдардан бери жарандык эркиндикти жактап келет.
Быйыл сентябрда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Шон Пеннге жана анын кесиптеши - актер Бен Стиллерге өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган. Министрлик муну Вашингтондун айрым персоналдык санкцияларына жооп катары түшүндүргөн.
Дагы караңыз
Генерал Суровикин Херсондон кетүүнү сунуштап, Шойгу макул болду Милиция Караколдо күйөөсү бычактаган келин каза болгонун билдирдиМекемелер лампаны Майлуу-Суу заводунан сатып алууга милдеттендирилетКемпир-Абад иши: сот чечими өзгөргөн жокЧектөө менен сатылган арзан көмүр, кезек күтүп кезергендер