Бишкек шаарында суук түшкөнү көмүргө болгон талап өстү. Айрымдар “Кыргызкөмүр” ишканасы арзан баада сатып жаткан көмүрдү алууга сааттап кезек күтүүдө. Бирок чектөө менен сатылган арзан көмүр айрым жерлерде тартыш болуп жатканына күбө болдук.
"Көмүр эртең түшөт, таң атпай кел деп айтышты"
“Кыргызкөмүр” ишканасы 1-ноябрдан тартып өлкөнүн аймактарында, андан сырткары Бишкекте арзан баада көмүр саткан беш кампа уюштурду. Алардын бири Мурманский көчөсүндөгү кампа. Биз барган учурда бул жайда көмүр калбай калган экен. Кезек күткөндөрдүн бири жалгыз бой эне Уулкан Мамышева "көмүр эртең түшөт, таң атпай кел деп айтышты" дейт.
"Агама таандык үйдүн эки бөлмөсүндө балдарым менен турам. Тамак-аш жасап иштеп тапкан айлыгым балдарымдан артпайт. Былтыр көп кабаттуу үйдө батирди ижарага алып жашаганбыз, көмүр керек болгон эмес. Быйыл жайында эле алып койсом деп, бирок шартым болбоду. Арзан көмүр бар деп угуп келгем, түшкү саат 12:00 болду, көмүр жок калды деп айтышты. Көмүр эртең түшөт, таң атпай кел деп айтышты, эми эртең жумуштан суранып кайра көмүр алганы кайтып келем".
Уулкандын алты баласы бар. Каалаган жерден, кымбат баага көмүр сатып кеткенге чамасы жок. Ошондуктан эки күндөн бери 2 тонна көмүр үчүн кезек күтүп жатам дейт. Мындай жайларда бир кишиге 2 тоннадан ашык көмүр сатылбайт. Ошондой чектөө бар.
Көмүр кампасынын ысымын атагысы келбеген сатуучусу жааган кар көмүр ташып келген автоунаалардын ишин кыйындатып, убактылуу тартыш болуп калганын айтып берди.
"Бул жерде көмүр түгөнгөнүнө бир сааттай болуп калды. Кара-Кече бийик жерде жайгашкан, азыр кар бар. Көмүр жүктөгөн чоң автоунаалар каръерден чыга албай убара тартып турат, аба ырайы турукташкандан кийин биздин иш да кайра жанданат деп ишенип турабыз”.
"Кыргызкөмүр" быйыл өзүнө таандык 50дөн ашык автоунаа менен көмүрдү Кара-Кечеден Бишкекке жана башка аймактарга ташууну колго алды. Кара-Кечеде казылган көмүрдүн тоннасы 1450 сом деп эсептелсе, Бишкекке ташып келген чыгымы менен 4 миң сомго барат. Ошондуктан колу жука бүлөлөр үчүн ушул баада сатып жатышат.
Октябрда Улуттук статистика комитети тогуз айда күнүмдүк азык-түлүктүн баасы менен тарифтер былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо 10,6% өскөнүн жарыялаган. Бул дүйнөлүк кризистин капшабы жана импорттук товарлардын чыгымынын көбөйгөнү менен түшүндүрүлүп жатат. Мындай шартта өкмөт Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн көмүрдүн баасын тескөөгө киришти.
"Көмүр баасына убактылуу мамлекеттик тескөө"
Ноябрдын башынан тарта Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик тескөө киргизилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, 2022-2023-жылкы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды деп түшүндүрдү өкмөт.
Көп жылдан бери көмүр сатып иштеген Бишкектин тургуну Чолпонбай Алымкулов "Кыргызкөмүр" ишканасы коюп берген баа ишкерлердин чыгымын актабайт дейт.
“Бизге дүңүнөн көмүр түшүрүп берген ишкерлер бар. 20 тонна алсам, аны 4-5 күндө сатып түгөтөм. Мен бир кабын 250 сомдон сатканда тоннасы 4500 сомго чыгат экен, андан жогору баада сата албайсың, себеби "Кыргызкөмүр" бааны коюп берген, ошондуктан бизге көмүрдү дүңүнөн алып келгендердер да арзан сатышат. Каръерден чыккан көмүр жүктөп келүүгө эле 400 литрден кем эмес күйүүчү май, айдоочунун айлык акысы, машиненин тетиктери деген чыгымдар бар. Мисалы, өткөн жылы 15 миң сом турган дөңгөлөк азыр 27 миң сомго чейин көтөрүлдү. Эсептей келгенде кирешесинен чыгымы көп болууда. Албетте, Кара-Кече жабык шахта эмес, балким ошонусу менен да утушта болуп жаткандыр, аны экономисттер эсептеп чыгышы керек".
Монополияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков аз күндө көмүрдүн баасын аймактарга жараша бекитилерин билдирди.
"Азыр көп өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда көмүрдүн баасы өтө арзан. Атыгүл Европада азыр бир тонна көмүр 300 еврого чыкты, ал эми коңшу Казактсанда болсо 200 доллардан баалап, сыртка ташып жатышат. Биз азыр көмүр казуу, чыгаруу, ташууга кеткен чыгымдарды эсептеп бүткөндөн кийин ар бир аймакка жараша баасын чыгарып беребиз".
Кара-Кечеден августтан бери 300 миң тонна, Бишкек жылуулук борборуна 230 миң тонна көмүр ташылган.
Кыш мезгилине Кыргызстанга 3,2 миллион тоннадай көмүр керек. Анын жарымынан көбү борборду электр энергиясы менен камсыз кылган Бишкек ЖЭБине сарпталат. Энергетика министрлиги ЖЭБди толугу менен жергиликтүү көмүргө өткөрүү керектигин айтып келүүдө. Бирок быйыл жайында эки ай бою Кара-Кечедеги ири кенде көмүр казуу иши токтоп калгандыгы белгилүү болгон. Энергетика министрлиги Казакстандын көмүрүн кайрадан импорттоодон башка аргасы жок.
26-октябрда Жогорку Кеңеште энергетика министри Таалайбек Ибраев күзгү-кышкы жылуулук сезонун өткөрүү үчүн Бишкек ЖЭБин толук жергиликтүү көмүр менен камсыздоо планын ишке ашыруу татаал болгондуктан, Казакстандан 400 миң тонна көмүр сатып алып жатканын билдирген.