Төкмө акын Болот Назаровдун бөгөт чарасы каралууда

Болот Назаров

Бүгүн, 9-ноябрда Чүй облусунун Москва райондук сотунда төкмө акын Болот Назаров дун бөгөт чарасы каралууда. Бул тууралуу анын адвокаты Автандил Бакытбек уулу "Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин Назаров бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Жазуучу, публицист Олжобай Шакир ал Чүйдүн Москва райондук милициясы тарабынан кармалып, камакка алынганын жакындарына таянып Фейсбукка жазган.

Анын маалыматына караганда, Болот Назаровду тойго ырдатканы чакырышып, аягында чепкен жаап, ат мингизишкен. Кийин белек катары берилген жылкы ага чейин уурдалган деп ырчыны камап коюшкан.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 9-ноябрда Б. Н. аттуу жаран бирөөнүн жылкысын тартып алууга шек саналып кармалганын "Азаттыкка" маалымдаган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси ("тоноо") менен катталып, 8-ноябрда кылмыш иши козголгон.

Төкмө акын Болот Назаров Ютубга жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келгени менен таанылган.

Аны быйыл январда милиция иликтөөчү журналист Болот Темиров менен чогуу кармап, камакка алган. Көп өтпөй эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту иликтөөчү журналист Болот Темировду маңзат жана паспорт иши боюнча актаган. Ал эми "документ жасалмалоо" деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чарасы чегерилген эмес. Болот Назаровдун ишин кароо уланып жаткан.(КЕ)

Дагы караңыз

Коомдук тамактануучу жайларда уулангандар көбөйдүКемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова сотко ишенбөөчүлүк көрсөттүШаардык сот Айбек Бузурманкуловду абакта калтырды