6-ноябрда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына суракка жеткирилди. Ал ушу тапта министрликтин имаратында отурганын “Азаттык” радиосуна ырастады.
Мындан тышкары күбө катары суракка алынарын, бирок кайсы иш боюнча чакырылганын билбей турганын айтты. Өмүрбек Текебаев Германиядан Кыргызстанга 5-ноябрда келгенин кошумчалады.
Ички иштер министрлиги сурак тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп быйыл февраль айында дайындалган. (BTo)
Дагы караңыз
Камактагы Нурлан Асанбеков ачкачылык кармоону улантуудаАба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайтКыргызстанда унду экспорттоого убактылуу чектөө киргизилдиБокс: Дмитрий Бивол мексикалык Хильберто Рамирести жеңдиКамактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы президентке кайрылдыОператор Калыс Ашырбаев 20-ноябрга чейин камалды