Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 7-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1.
Бишкекте күндүн экинчи жарымында жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° болот.
Дагы караңыз
Кыргызстанда унду экспорттоого убактылуу чектөө киргизилдиБокс: Дмитрий Бивол мексикалык Хильберто Рамирести жеңдиКамактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы президентке кайрылдыОператор Калыс Ашырбаев 20-ноябрга чейин камалдыКыргызстанда Элдик курултайга делегаттар шайландыБишкекте жергиликтүү курултайда Октябрь району боюнча талаш чыкты