Кыргызстанда унду экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди

Мамлекеттик материалдык резерв фондунун уну. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болбогон мамлекеттерге 100 миң тоннадан ашык унду ташып чыгууга тыюу салды. Мындай чектөө ушул жылдын 1-ноябрынан 31-декабрга чейин киргизилди.

Кыргыз өкмөтү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн экспортуна убактылуу чектөө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана бааны турукташтыруу үчүн кабыл алынганын билдирди.

Октябрдын башында Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында өлкөдөгү тамак-аш, азык-түлүктүн баасына байланыштуу өкмөттүн иши сынга кабылган. Депутаттар баа кымбаттаганын, министрликтер жетиштүү иш алып барбай жатканын айтышкан.

Быйыл алгачкы сегиз айдын ичинде Кыргызстанда кумшекер 41%, ун 25,5%, мөмө-жемиш 20,7%, сүт азыктары 16,7% кымбаттаган.

Украинадагы Орусия баштаган согуш да дүйнөдө кымбатчылыкты күчөттү. Быйыл март айында Кыргызстанда социалдык-экономикалык көйгөйлөргө чара көрүү боюнча Антикризистик комитет түзүлгөн эле. Өкмөт кумшекерди сыртка чыгарууга жарым жылга чектөө киргизген болчу. (BTo)

Дагы караңыз

Бокс: Дмитрий Бивол мексикалык Хильберто Рамирести жеңдиКамактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы президентке кайрылдыОператор Калыс Ашырбаев 20-ноябрга чейин камалдыКыргызстанда Элдик курултайга делегаттар шайландыБишкекте жергиликтүү курултайда Октябрь району боюнча талаш чыкты