Оператор Калыс Ашырбаев 20-ноябрга чейин камалды

Калыс Ашырбаев сот залында. 5-ноябрь, 2022-жыл.

Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен шек саналып кармалган оператор Калыс Ашырбаев 20-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 5-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын сотко катышкан укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2016-2017-жылдары соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылып таратып, Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча талап кылган адамдар кармалганын маалымдаган. Министрликтин маалыматына караганда, алар 3-ноябрда 2000 доллар алып жаткан тапта колго түшкөн.

Бул иш боюнча Mir24.kg порталынын директору Санрабия Сатыбалдиева жана ушул эле медианын оператору Калыс Ашырбаев кармалган.

Кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева 4-ноябрда тергөөчүнүн “эч жакка кетпөө” тууралуу токтомунун негизинде бошотулду. Ал жаз айынан бери Бишкекте жашап жаткан, ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана жеке менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген. Социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда Элдик курултайга делегаттар шайландыБишкекте жергиликтүү курултайда Октябрь району боюнча талаш чыктыCPJ: “Азаттыктын” сайтына, банк эсебине коюлган бөгөт алынышы керек6-ноябрдын аба ырайыОктябрда Орусиядан 15 мигранттын сөөгү келдиОрусияда түнкү клубда чыккан өрттөн 15 адам каза болду“Абдыш-Ата” футболдук клубу Кыргызстандын чемпиону болдуАКШ Украинага миңден ашык "жанкечти" учкучсуз учак берет