Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 6-ноябрда Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15,
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 11…16,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7°, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° болот.
Дагы караңыз
Октябрда Орусиядан 15 мигранттын сөөгү келдиОрусияда түнкү клубда чыккан өрттөн 15 адам каза болду“Абдыш-Ата” футболдук клубу Кыргызстандын чемпиону болдуБишкекте жергиликтүү курултайда Октябрь району боюнча талаш чыктыАКШ Украинага миңден ашык "жанкечти" учкучсуз учак берет