“Дежавю” спектаклинин премьерасы экинчи ирет болбой калды

Алишер Ниязовдун "Кыялдар орундалат" аттуу пьесасынын негизинде сахналаштырылган "Дежавю" спектаки. 19.05.2022

Алишер Ниязовдун “Кыялдар орундалат” пьесасынын негизинде сахналаштырылган “Дежавю” спектаклинин премьерасы экинчи ирет болбой калды.

Бул тууралуу Алишер Ниязов Фейсбуктагы баракчасына жазып, анын себебин түшүндүргөн жок. Маалыматка караганда, спектакль 12-19-ноябрь күндөрү Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунда коюлмак.

“Бул күлкүлүү, бирок “Дежавюнун” премьерасы болбойт. Ал менден көз каранды болбогон себептерден улам экинчи ирет жокко чыгарылды. Азырынча комментарий бере албайм”, - деп жазды Алишер Ниязов.

Спектаклдин премьерасы быйыл 21-майда Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында өтмөк. Бирок Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин комиссиясы аны "элге тартуулоого болбойт" деген чечим чыгарган.

“Кыялдар орундалат” пьесасы 2019-жылы жазылган. Кийин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2010-жылдагы Апрель окуясынын 10 жылдыгына байланыштуу бул пьесанын негизинде 2020-жылы спектакль коюу тапшырмасын берген. Бирок коронавирус пандемиясынан улам ал элге тартууланбай калган.

Спектаклде “Кыялдар орундалат” деген IT-компаниянын кеңсесинде беш киши камалып калганы көрсөтүлөт. Алардын арасында жергиликтүү олигарх, анын көңүлдөшү, ишкананын жетекчиси жана анын күзөтчүсү менен бир кызматкери бар. Кеңсенин сыртында тополоң, революция башталат. Бир бөлмөдө камалып калган адамдар чур-чуу түшүп, бири-бири менен уруша баштайт жана өткөн-кеткендерди эстейт.

“Дежавю” спектакли коюлары тууралуу жарнамалар май айында да, ноябрь айында да берилген. Бирок кийин алып салынды. “Сейтек” борбору окуя боюнча азырынча комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Президент Жапаров элчилер менен Кыргызстандагы сөз эркиндигин талкууладыЖМК согушка мобилизацияланган 115 орусиялык набыт болгонун ырастадыАкыйкатчы кармалган саясатчылар жана активисттер боюнча бийликке кайрылды Израилдеги шайлоодо Нетаньяхунун партиясы алдыга чыктыЖурналист Сатыбалдиева эч жакка кетпөө токтомунун негизинде бошотулдуПутин Украинадагы согушка 318 миң орусиялык тартылганын айттыДача СУдагы кырсыкты иликтеген коомдук комиссия ишин аяктадыАкыйкатчы кармалган саясатчылардын жана активисттердин укуктары сакталышын талап кылды