5-ноябрда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 10…15;
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 9…14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 6…11, күндүз 10…15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...+3.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 12…14 градус болот.