"Адилет" укуктук клиникасы Кемпир-Абад маселеси боюнча камалган аялдарга байланыштуу президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоду. Уюмдун жетекчиси, юрист Чолпон Жакупова камалган саясатчы жана активисттердин дээрлик бардыгынын бөгөт чарасы камакка алуу деп тандалганы укуктук жактан дагы, моралдык жактан дагы нааразылыкты жаратканын белгилеген.
Кайрылууда белгиленгендей, Кылмыш-процессуалдык кодекстин 114-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу башка жеңил бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүн болбогондо колдонулат. 114-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, айыпталуучунун Кыргызстандын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жери болбогондо, инсандыгы аныкталбаганда, мурда колдонулган бөгөт коюу чарасы бузулганда, ал тергөө өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органдан, соттон жашырынган учурда камоо чечими чыгарыла турганы белгиленген.
Ал эми 107-беренеге ылайык, тергөө судьясы, сот айыптын негиздүүлүгүн, айыпталуучунун инсандыгы жөнүндө маалыматтарды, анын курагын, ден соолугун, үй-бүлөлүк абалын, ишинин түрүн жана башка жагдайларды эске ала турганы кайрылууда белгиленген.
Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти. Буга чейин ондогон активисттер, укук коргоочулар Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдарды бошотуу өтүнүчү менен бийликке кайрылган.
Ички иштер министрлиги алар Кылмыш кодексинин 36-278-беренеси ("Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") менен кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Арасында алты аял бар. Алар: Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Перизат Суранова жана Орозайым Нарматова.
Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок. (КЕ)