"Азаттык" Финчалгын кызматынан, УКМКдан банк эсеби боюнча түшүндүрмө сурады

"Азаттык Медиа" мекемеси Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына, Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) кайрылып, банк эсебинин бөгөттөлүшү жана мекемени тейлеген "Демирбанктын" катына байланыштуу түшүндүрмө сурады. Азырынча аталган мекемелер расмий жооп бере элек.

31-октябрда "Азаттык Медиа" мекемесинин "Демирбанктагы" эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. "Азаттык Медиа" 31-октябрда жана 1-ноябрда банкка кат жолдоп, түшүндүрмө сураган.

2-ноябрда "Демирбанк" "Азаттык Медианын" эсеби "Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө" мыйзамдын 14-беренесине ылайык бөгөттөлгөнүн билдирип, бул боюнча Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына кайрылууну сунуш кылган.

"Азаттык Медиа" банк эсебинин бөгөттөлүшүн негизсиз экенин жана мекемеде иштеген Кыргызстандын жарандарынын укуктарын бузарын белгилейт.

Ошондой эле каржылык операцияларды токтотуу тууралуу чечимге негиз болгон документтерди, Финансылык чалгын кызматынын эсепти бөгөттөө чечиминин көчүрмөсүн да тез арада берүүнү өтүнөт.

31-октябрда "Демирбанктын" өкүлдөрү "Азаттык Медианын" эсебине бөгөт коюлганы тууралуу алгач телефондон оозеки ырастап, УКМКдан билдирме алганын айтышкан.

"Азаттык Медиа" УКМКга да расмий түшүндүрмө сурап кат жөнөткөн, бирок азырынча атайын кызматтан жооп ала элек.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "кыргыз бийлигинин мындай эскалациясы Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жаткандай көрүнөт. Биз журналисттерибиздин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөбүз", - деген билдирүү жасаган. Эл аралык медиа корпорациянын жетекчиси "Азаттык" радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери "Азаттык Медианы" каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

Дагы караңыз

Кара деңиз аркылуу Украинадан дан ташуу убактылуу токтодуНурланбек Шакиев добуш бербей чыгып кеткен депутаттарга кайрылды ИИМ Семетей Талас уулуна "хизбутчуларга" байланыштуу айып коюлганын кабарлады Бекешев "Азаттыктын" банк эсебинин бөгөттөлүшү жөнүндө маселе көтөрдү Жапаров: Бөлтүрүк "таза" иштеп жатканына ынандырып келгенПрезидент Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Мадумаровго жооп кайтарды