Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:34

Президент Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Мадумаровго жооп кайтарды


Кемпир-Абад суу сактагычы
Кемпир-Абад суу сактагычы

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу пикирин билдирди.

Ал мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, кош башкарууда "кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын" белгилеген.

"Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай отура берип, теоретик болуп калган. Практикалык иш жасап көргөн эмес. Ошон үчүн практика жүзүндө кандай иштер болуп каларын билбейт. Бул жердеги форс-мажор деген сөз боюнча, өткөндө – ушул жылдын жай айында нөшөрлөп жааган жамгырда Сузак районунда канча деген биздин айылдарыбызды сел алып кетти. Ошол күнү биз өзбек тарапка чыгып, сууну жаба тургула деп жаптырдык. Албетте, сууну жапканда горизонт бир аз көтөрүлөт. Ашып кетсе 20-30 см. көтөрүлөт. Эгер жаппаганда андан да көп айылдарыбызды сел агызып кетет эле", - деген Жапаров.

Садыр Жапаров "сууну кыргыз тарап тазалайт" деген пикирлерди четке кагып, "Андай маселе жок. Эмне суунун алдына түшүп алып тумшугу менен таш түртөбү же кум шыпырабы? Кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөйт", - деп билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган.

Добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, жыйындан чыгып кеткен.

Комитеттин мүчөсү Адахан Мадумаров макулдашуунун долбоорунда Кыргызстанга Өзбекстан тараптан бир топ татаал шарттар коюлганын "Азаттыкка" билдирген.

"Биз сууну камсыз кылып, сууну тазалап да беришибиз керек экен. 900-горизонталдан ашпайт деп атышпайбы, жок, форс-мажордук кырдаалдарда андан ашып кетүү ыктымалдыгы да айтылып жатат", - деген Мадумаров.

Комитет 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG