Иран Сауд Арабияга кол салышы мүмкүн экени кабарланды

Ирандын машыгуулары. 24-декабрь, 2021-жыл.

Америкалык үч аткаминер 1-ноябрда билдиргендей, Иран жакынкы күндөрү Сауд Арабияга кол салышы мүмкүн.

Расмий Эр-Рияд өз чалгын кызматынын мындай маалыматтарын Вашингтон менен бөлүшкөн.

"Биз бул кырдаалга тынчсызданып турабыз жана саудиялыктар менен аскердик жана чалгын каналдары аркылуу ар дайым байланыштабыз. Биз ойлонбостон аймактагы өз кызыкчылыктарыбызды жана өнөктөштөрүбүздү коргоо аракетин көрөбүз", - деп жазылат Улуттук коопсуздук кеңеши тараткан билдирүүдө.

Сауд Арабия бул тууралуу расмий комментарий бере элек. Ирандын БУУдагы миссиясы да айтылган маалыматтар боюнча үн ката элек.

Америкалык бийликтин расмий өкүлдөрүнүн бири бул маалыматты ырастап, "жакынкы убакытта же 48 сааттын ичинде болушу мүмкүн" деп билдирди. Аймактагы АКШнын бир дагы элчилиги же консулдугу өз жарандарына эскертүү тарата элек. Маалыматты бөлүшкөн АКШнын бийлик өкүлдөрү ысымдарын ачыктагысы келген жок.

Соңку кездери Байдендин администрациясы Тегеранды митингдерди күч менен басып, Орусияга жанкечти дрондорду бергени үчүн кескин сындап келет.

Дагы караңыз

ИИМ Семетей Талас уулуна "хизбутчуларга" байланыштуу айып коюлганын кабарлады Сөз эркиндиги: элчилер кыргыз бийлигине кайрылдыБекешев "Азаттыктын" банк эсебинин бөгөттөлүшү жөнүндө маселе көтөрдү