Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:13

Сөз эркиндиги: элчилер кыргыз бийлигине кайрылды


Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы акцияда тартылган сүрөт. 2019-жыл.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы акцияда тартылган сүрөт. 2019-жыл.

2-ноябрь журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнү "Азаттыктын" сайтынын эки айга бөгөттөлүп, банк эсеби эч түшүндүрмөсүз жабылып, бир катар журналисттер камалып жаткан учурга туура келди. Буга байланыштуу эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылуу жолдошууда.

Кыргызстандагы АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылды. Биргелешкен билдирүүдө эркин журналистика өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү экени белгиленген.

"Журналисттер коомчулукка маалымат берип, түрдүү көз карашты чагылдырууга мүмкүндүк берет. Көз карандысыз жана түркүн маалымат каражаттары гана жарандарга бийликтерин жоопкерчиликке тартууга керектүү маалымат алууга жардам берет. Эркин ЖМК ачык-айкындуулукту жана демократиялык өнүгүүнү камсыз кылган коом үчүн маанилүү. Ошондуктан, дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр журналисттердин өз ишин аша чапкан кысымсыз өз алдынча жүргүзүүсү үчүн коопсуз, ыңгайлуу чөйрөнү өркүндөтүшү жана түзүшү керек. Көз карандысыз журналистика Кыргызстандагы демократияны жана экономиканы өнүктүрүү жана чыңдоо дымагын колдойт. ЖМКнын эркиндиги жана сөз эркиндигине болгон укук өлкөнүн Конституциясы менен корголот. Биз кыргыз өкмөтүн адамдын бул негизги укугун коргоого жана өнүктүрүүгө чакырабыз", -деп жазылган билдирүүдө.

Ага чейин бир катар эл аралык уюмдар Human Rights Watch, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс жана америкалык сенаторлор "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлүшүнө камтамалыгын билдирип, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого чакырышкан.

"Азаттык Медианы" эсебине эч кандай түшүндүрмөсүз бөгөт коюлганы тууралуу мекемени тейлеген "Демирбанк" 31-октябрда маалымдаган. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан.

"Азаттык Медиа" банкка жана УКМКга расмий түшүндүрмө сурап кат жөнөттү. Азырынча эки тараптан тең жооп боло элек.

Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев "Азаттык Медиа" мекемесинин банктагы эсебинин сот чечими жок бөгөттөлүшү тууралуу президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

"Чындыгында банктагы эсептин бөгөттөлүшүнө мыйзамда үч эле негиз бар. Биринчиси - бул салыктан карызы болсо, экинчиси - арам акчаны адалдап, террорчуларга жана экстремисттерге акча которсо, үчүнчүсү - сот чечими болсо. Көпчүлүгү бул "Азаттыкка" гана тиешелүү маселе деп ойлошу мүмкүн. Бирок мыйзамдар бузулбашы керек. Бул өтө жаман көрүнүш, себеби башка тышкы инвесторлор, ички бизнесмендер дагы "бардык эле эсептерди ушинтип бөгөттөп койсо болот турбайбы" деген ойдо калат. Бул банк сектору үчүн өтө терс көрүнүш. Алмасбек Акунжанович, "Азаттыктын" банк эсеби эмне себептен бөгөттөлгөнү тууралуу так маалымат берсеңиздер. Чындыгында жаман көрүнүш болуп жатат", - деди Бекешев.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттык Медианын" банк эсептеринин эч түшүндүрмөсүз бөгөттөлүшү боюнча билдирүү жасаган.

"Кыргыз бийлигинин мындай эскалациясы Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жаткандай көрүнөт. Биз журналисттерибиздин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөбүз", - деген Флай.

Эл аралык медиа корпорациянын жетекчиси "Азаттык" радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин кошумчалады.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн - авторитардык ыкма экенин билдирген.

27-октябрда министрликтин адистери "Азаттык Медиа" мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

"Азаттыктын" сайты бөгөттөлгөндөн кийин, 28-октябрда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү жасап, өлкөдө эркин медиалардын ишине чектөө жок экенин, сөз эркиндиги дайыма болорун билдирген.

Камалган журналисттер

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" баштаган бир катар эл аралык уюмдар "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлгөнүн сындады.

Журналисттерге жана жарандык коомго колдоо көрсөтүп келген "Сорос Кыргызстан" фонду "сөз эркиндигине кысым жана чабуулдар акыркы убактарда көп болуп жатканына тынчсыздануусун" билдирген кайрылуу таратты.

"Жазасыздык журналисттерди жана активисттерди коркутуп, кылмышкерлерди кайраттандырып, коомго терс таасирин тийгизип, антидемократиялык цензуранын уланышына жол ачат. Ушул оор мезгилде кысымга жана кол салууга каршы туруу үчүн журналисттердин колдоосу жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын тилектештиги маанилүү. Көз карандысыз ЖМКларга жана медиа уюмдарга гранттык колдоо көрсөтүү аркылуу биз сөз эркиндигин коргоо, медиа сабаттуулукту өнүктүрүү, журналистиканын стандарттарын үйрөтүү жана маанилүү темаларда сапаттуу контентти түзүү боюнча иштерди улантып жатабыз. [...] 24-октябрда биз кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун дүйнөдөн кайтканынын 15 жылдыгын белгиледик, бул дата журналисттердин ишинде адилеттүүлүк маанилүү экенин дагы эле эскертип келет", - деп жазылган фонддун билдирүүсүндө.

Кыргызстандагы “Институт Медиа Полиси” уюму 2020-жылы октябрь айынан баштап 2022-жылга чейин өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жөнүндө мониторинг кылып, атайын баяндамасын жарыялады.

Анда мамлекеттик жогорку кызмат адамдарынын жана саясатчылардын бардык социалдык тармактардагы баракчаларына мониторинг жасалган. Изилдөөнүн жыйынтыгында сөз эркиндигинин абалы начарлап, Кыргызстандын саясий айдыңында авторитаризмдин белгилери, репрессиялык ыкмалар, медиага көзөмөлдү күчөтүү аракети жана эркин массалык маалымат каражаттарына кысым байкалган.

Эксперттердин баамында, жакында 20дан ашуун активист менен саясатчылардын кармалышы, “Азаттыктын” сайты менен банк эсебинин бөгөттөлүшү Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканынын көрсөткүчү.

Кыргызстанда ушу тапта Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу пикирин айтып, бийликти сындаган айрым эркин журналисттер, социалдык тармактын колдонуучулары камакка алынууда.

Алсак, 1-ноябрда журналист Семетей Талас уулу 48 саатка камакка алынып, бөгөт чарасы 2-ноябрда каралары кабарланган.

Ага чейин "Азаттык" радиосунда бир нече жыл иштеген, кийин социалдык тармактарда эркин баяндамачы катары таанылган Айданбек Акмат уулу эки айга камакка алынган.

Андан тышкары таанымал блогер Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан жана бир укук коргоочу, жарандык активисттер жана саясатчылар камакка алынган.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду быйыл 23-январда, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин аты аталган иликтөө жарыялангандан бир күндөн кийин милиция кармап кеткен. ИИМ аны өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил катынын негизинде кайра бошоткон.

Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңгизат боюнча беш берененин негизинде жалпысынан төрт иш козголгон. 28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту аны актаган чечим чыгарган. Андан көп өтпөй, 1-ноябрда Темиров Башкы прокуратура райондук соттун чечими боюнча сотко даттанганын билдирди.

Быйыл, 3-мартта Next TV телеканалына каршы "Улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Тергөө телеканал "Кыргызстан Орусияга Украина маселесинде жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган" деп билдирген. Телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Дүйшөмбиевди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген чечим чыгарды. Өкүм 21-сентябрдагы отурумда угузулуп, ал сот залынан бошотулган.

Өткөн жылы Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошкон. Ушул жылдын 24-февралында чыккан “Дүйнөдөгү эркиндик-2022” баяндамасында Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыдан дагы бир упайга төмөндөдү.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун изилдөөсүндө Кыргызстан 2020-жылы 82, былтыр 79-орунда болчу. 2022-жылдын жыйынтыгында 72-сапка чыкты.

XS
SM
MD
LG