Бул маалыматты Семетей Талас уулу өзү "Азаттыкка" ырастады. Ички иштер министрлиги журналисттин кармалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Талас уулу буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси тууралуу пикирин байма-бай жазып келген.
Ушул жылдын башында ал Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” деген беренесинин негизинде козгогон кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Журналист сурактан чыккандан кийин "чоң иликтөө жүрүп жаткан ишке байланыштуу күбө катары чакырылганын" айткан.
41 жаштагы Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Ал көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Сонку жылдарда эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет.
Дагы караңыз
Орусияда журналисттер “Говорит НеМосква” долбоорун түзүштү Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайтАдилет Балтабайдын ишине байланыштуу сот өкүмү 11-ноябрда чыгат Прокуратура журналист Болот Темировду актаган чечимге каршы даттандыТөө-Ашууда жүк ташуучу автоунааларга чектөө алынды