Жогорку соттун Сот департаменти санариптик жабдыктарды сатып алуудагы мамлекетке келтирген чыгымын толук төлөгөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы мамлекеттик органдарды санариптештирүү долбоорунун алкагында өлкөнүн сот тармагына жалпы 42 миллион 835 миң 250 сомдон ашык суммага техникалар сатылып алынган. УКМК санариптик жабдыктардын баасын кымбат көрсөтүү фактысын аныктап, кылмыш ишин козгогон.
"Иликтөөнүн жыйынтыгында Жогорку соттун Сот департаментинин жооптуу адамдары жеке баюу максатында компаниялардын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алып, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ашыкча баалаганы аныкталды. Натыйжада, мамлекетке 5 миллион 519 миң 170 сом өлчөмдө зыян келтирилген", - деп жазылган маалыматта.
УКМК билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Сот департаменти тарабынан келтирилген зыян толугу менен төлөндү. Ал эми департаменттин жооптуу кызматкерлеринин ишине юридикалык баа берилүүдө. (ZKo)