Киев жана башка ондогон шаарлар кайрадан аткылоого кабылды

Украинага түшкөн орус ракеталарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Киев, Харьков, Запорожье, Кривой Рог, Марганец шаарлары соңку суткада кайрадан жапырт аткылоого кабылды. 30-октябрда жана 31-октябрдын таңында бүткүл республиканын аймагында аба айгайы (воздушная тревога) жарыяланды.

Украинанын абадан коргонуу системалары орус ракеталарынын көпчүлүгүн атып түшүрдү. Винница, Кировоград, Запорожье, Полтава облусунун аймагына атылган көпчүлүк ракеталар энергетикалык жана башка объектилерге тийди. Марганец шаарында ракета көп кабаттуу үйгө тийип, бир адам каза болду.

Киевдин мэри Виталий Кличко таңкы аткылоодон улам бир катар райондор жарыксыз калганын маалымдады. Харьковдун мэри Игорь Тереховдун айтымында, “эки ракета зарыл инфратүзүмдөргө тийди”.

Орусиянын армиясы Украинанын шаарларына жапырт соккусун Крым көпүрөсүнө сокку урулгандан кийин баштаган. Алар негизинен жайкын тургундар жашаган кварталдарга жана энергетикалык объектилерге сокку урууда. Ушул күнгө чейин Украинанын энергетикалык инфратүзүмдөрүнүн 40% талкаланды.

8-октябрда Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Орусияны туташтырчу көпүрөдө жарылуу болгон. Украин бийлиги бул жардырууга тиешеси бар экенин расмий ырастаган эмес. (ErN)

Дагы караңыз

Кыргызстанда бир аптада 53 адам коронавируска чалдыктыЖапония Баткенге жардам катары бир миллион доллар бөлөтКөк бөрү боюнча чемпионатта Талас командасы жеңдиӨКМ Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча маалымат бердиАкылбек Жапаров: эски ыкма менен иштеген жетекчилерге чара көрүлөт