Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:09

Акылбек Жапаров: эски ыкма менен иштеген жетекчилерге чара көрүлөт


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 31-октябрда Баткенде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар менен жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Жапаров эски ыкма менен иштеген жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертти.

"Өткөн жылы сиздер менен Бишкекте жолукканда тапшырмалар берилген. Иш талаптагыдай жүрбөй жатат. Кадрларды аттестациялоо жана ротациялоо болду. Бирок эки жылдан бери ишиңиздерде жылыш байкалбай жатат, мурдагыдай эле эски ыкма менен иштеп жатасыздар, жогорку органдардан буйрук күтүп, объекттер мамлекеттин каражатысыз курулбайт, элдин кайрылуусу уланууда. Бир жыл өттү, жыйынтык чыгарууга убакыт келди. Сыйлыкка татыктууларга сыйлык беребиз, эски ыкма менен иштеп, натыйжа көрсөтө албагандар менен коштошобуз",-деген Жапаров.

Президент Садыр Жапаров июль айында Министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында "жалкоо кадрлардын арылуу" керектигин билдирген жана өкмөт өкүлдөрүн маал-маалы менен жер-жерлерди кыдырып жана соцтрамактар аркылуу коомчулукка маалымат берип турууну тапшырган. Мындан көп өтпөй президенттик администрация мамлекеттик органдардын ишин баалоо ыкмасы даярдалганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG