31-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолордо кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 10…15;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 10…15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2.
Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 12…14 градус болот.
Дагы караңыз
Тергөө абагында отурган Бекназаров президентке кат жолдоду “Артымдан бир жыл аңдып жүрүшкөн”Тажикстандан кетүүнү эңсеген этникалык кыргыздар