Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Тажикстандан кетүүнү эңсеген этникалык кыргыздар


Мургаб. Архив. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Мургаб. Архив. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Бир жума аралыгында дүйнөлүк басылмаларга чыккан макалаларга сереп.

Чек аранын эки тарабында калгандар

Eurasianet 26-октябрдагы макаласын чек ара жаңжалдарынан улам тарыхый мекенине каттай албай калган Тажикстандагы кыргыздарга арнаган.

Маалыматка караганда, мурда алар тажик паспорту менен ээн-эркин кирип-чыгып турса, эми үчүнчү өлкөлөр аркылуу саякаттого мажбур, ага бардыгынын эле чамасы жетпейт.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 2021-жылы жазында болгон кагылышуудан кийин чек ара жабылган.Автордун айтымында, ушу тапта Тажикстандан кетүүнү көздөгөндөрдүн саны өсүүдө, алар негизинен Исфара, Лахш жана Мургаб районунда жашаган улуу муундун өкүлдөрү. Колдо бар статистикага ылайык, кошуна өлкөдө 65 миң этникалык кыргыз жашайт. Бирок макалада белгиленгендей, бул сан учурда азыраак болушу мүмкүн.

Мургабдагы кыргыздар. Архивдик сүрөт.
Мургабдагы кыргыздар. Архивдик сүрөт.

Басылманын кабарчысы бир нече этникалык кыргызга жолугуп баарлашкан. Алардын бири, 45 жаштагы Зиода Жакшыбаева Тажикстандын түндүгүндө жашайт.

Ал эки жылдан бери Бишкекте турган уул-келинин көрө элек. Исфарада туулуп-өскөн, Хужандда жогорку билим алган Зиода былтыр атасын жайына бергенин, балдарына кетип калууну каалаганы менен апасын жалгыз калтыра албай турганын айтууда. Уул-келини болсо Орусияда бир нече убакыт иштеп, ал өлкөнүн жарандыгын алган.

“Кыргыз паспортун алса, тажик жарандыгынан чыгууга тийиш, Тажикстанга конокко гана келе алышат, каттоого туруу өңдүү машакаты көп. Ошон үчүн орус жарандыгын алышкан”, - деп түшүндүрдү Зиода.

Макалада этникалык кыргыздар Тажикстанда обочодо калганы да айтылат. "Алар коомдук турмушта чакан гана роль ойнойт, чамасы чак келгендер Кыргызстанга же Орусияга кетүүгө аракеттенет. Он чакты жыл мурда эле бүтүндөй кыргыз айылдары бар болсо, азыр андай көрүнүш сейрек болуп калды", - деп чечмеледи автор.

Андан ары баяндалгандай, аларды тажик коомунан чек арадагы кагылышуулар да обочолонтуп жатат. Башаламандык чыккан сайын кыргыз жамааты жаңжал качан жөнгө салынат деп үн чыгарбай акырын отуруп калышат. Кыргызстандын медиасындагы чек ара тууралуу маалыматтарды окуган сайын бушайман болушат.

Кабарчы сөзгө тарткан кыргыз аялдардын бири айткандай, алар өздөрүн эки оттун ортосунда калгандай сезишет. Макалада эң кайгылуу абалда жаңжал чыккан аймакта чек аранын эки тарабында жашаган, экиге бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдө түзүлгөнү белгиленет.

Кытайдын байлары өлкөдөн кетүүгө камданууда

Financial Times гезити 25-октябрда Кытайдагы саясий кырдаалдан улам бай адамдар капиталын сыртка чыгаруу же башка өлкөлөргө кетүүнү көздөгөндөр көбөйгөнүн жазды.

Бээжин коммунисттик партиянын курултайы алдында. Октябрь, 2022-жыл
Бээжин коммунисттик партиянын курултайы алдында. Октябрь, 2022-жыл

Кабарчылар Эдвард Уайт менен Мерседес Руел мындай көрүнүштү өткөн дем алыштарда Кытай компартиясынын курултайында Си Цзинпиндин бийликтеги мөөнөтүн узартып, Мао Цзедундан кийинки экинчи кубаттуу лидерге айланганы менен түшүндүрөт.

Гезит Гонконгдогу жана Кытайдагы бардар үй-бүлөлөр менен иштешип келаткан европалык адвокат менен маектешкен. Дэвид Лесперанстын айтымында, Си Цзинпин бийлигин бекемдегенден кийин бир нече чириген бай эвакуация планын иштеп чыгуу өтүнүчү менен кайрылган.

Сөз болгон курултайга чейин Кытай лидерине партиянын ички басымы күчөгөнү айтылып келген. Атап айтканда, анын COVID-19 менен күрөшүү ыкмасы, Путинди колдоо, бизнести көзөмөлгө алуу өңдүү карама-каршы саясаттан баш тартыруу аракети көрүлгөн.

Dentons Rodyk деген эл аралык юридикалык компаниянын өкүлү да фирмаларын сыртка чыгарууну каалаган кардарлары көбөйгөнүн, алар Коммунисттик партиянын жыйыны эмне менен аяктай турганын алдын ала эле сезгенин баяндап берген.

Макалада айтылгандай, колунда бар кытайлыктар өлкөдөн кетүү жолдорун узактан бери даярдап келишкен. Атап айтканда, капиталды коопсуз оффшорлорго мыйзамдуу которуу, үй-бүлөлөрү менен башка өлкөгө мыйзамдуу көчүү, жарандык алуу жана башка иштер жасалат.

Адвокат Лесперанс кытайларды байлыкка расмий салык салынат деген имиштер, кеткенден кийинки коопсуздугу түйшөлтүп жатканын айтат. Анткени акыркы жылдарда бир катар белгилүү адамдар, арасында Alibaba компаниясынын негиздөөчүсү Жек Манын, теннис жылдызы Пэн Шуаянын, финансист Сяо Цзяньхуанын, башка магнаттардын коомчулук алдына узак же кыска мөөнөткө чыкпай калган окуялар болгон.

"Ушу тушта бай кытайлар арасында “жеке учак, бир нече паспорт, чет өлкөлүк банктарда эсеп камдап тур” деген ураан актуалдуу болуп калды", - деп айтат Лесперанс.

Financial Times Шанхай менен Бээжинде “өзгөчө шыгы бар адамдар” үчүн АКШнын грин-картасын алууга арыз тапшыргандар эселеп көбөйгөнүн жазды.

Пандемиядан улам өмүр сүрүү кыскарат

Le Monde гезити COVID-19 пандемиясы калктын күтүлүп жаткан орточо өмүр узактыгын төмөндөткөнүн баяндаган.

Бухарест шаары пандемия учурунда. Апрель, 2020-жыл
Бухарест шаары пандемия учурунда. Апрель, 2020-жыл

Мындай көрүнүш Экинчи дүйнөлүк согуштан бери боло элек болчу. Оксфорддогу Демографиялык изилдөөлөр борбору менен Германиядагы Макс Планк институтунун окумуштуулары 2019-2021-жылдар аралыгындагы көрсөткүчтөрдү анализдеп чыккандан кийинки бүтүм Nature Human Behavior илимий журналында жарыяланды. Алар Европа Биримдигинин 27 өлкөсүндөгү, АКШ жана Чилидеги жалпы өлүмдөрдү иликтеп чыккан.

Изилдөө аныктагандай, Батыш Европада өмүр узактыгы салыштырмалуу тез калыбына келе баштаса, Чыгыш Европада абал начарлаган. Бул жагынан Болгария чоң жоготууга туш болгон экен. Ал өлкөдө өмүрдүн узактыгы 3,5 жылга кыскарган. Андан кийинки орунда Польша (2,8) жана АКШ (2,4) турат. Жалгыз Норвегия пандемиядан оң статистика менен чыккан: өмүр узактыгы эки айга көтөрүлгөн. Адистер муну эрте башталган вакцинация жараяны жана эффективдүү саламаттык сактоо системасы менен түшүндүрүшөт.

COVID-19 пандемиясы өзгөчө 2020-жылы дүйнө жүзүндө көптөгөн адамдын өмүрүн алып кеткен.

Окумуштуулар адатта эпидемиялардан кийин күтүлгөн өмүр узактыгы бат эле калыбына келгенин белгилешет. Алар бул жолку пандемиянын буга чейинкилерге караганда демографияга анча таасир этпеси тууралуу теория туура эмес болуп чыкты деген тыянакка келишти.

XS
SM
MD
LG