30-октябрда тоолордо кар жаайт

Кыргызстан.

30-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде катуу жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 6…11;

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…3, күндүз 9…14;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5.

​Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Батыштан жел согуп турат.

Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6, күндүзгү жогорку температурасы 7…9 градуска жетет.

Дагы караңыз

Жарандык коомдун өкүлдөрү президентке кайрылыштыТөрт миллиондой украиналык жарыксыз калды1-ноябрдан тарта COVID-19га байланыштуу өзгөчө режим алынат