Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган кыргызстандыктар "Азаттыктын" сайтынын эки айга жабылышына байланыштуу пикирлерин социалдык тармактарга жазып жатышат.
Германия, Италия, Орусия жана Түркияда жашап, иштеген мекендештер Кыргызстанда сөз эркиндигинин келечегине балта чабылганын, чет жактагы мигранттардын көйгөйү "Азаттык" үналгысы аркылуу тийиштүү мамлекеттик органдарга жетип турганын белгилешүүдө.
24 жаштагы Калыгул Жунушбеков ушул тапта Германиядагы SAP SE компаниясында каржы жаатында эмгектенет. Ал Фейсбук баракчасына "Азаттык" чет жактагы журтташтардын үнү болуп келгенин жазды.
"Мен сыяктуу Германияда 15 миңдей кыргызстандык жашайт. Биз мекенибизге өзүбүздүн ой-пикир, сунуштарыбызды айткыбыз келет. Өзгөчө Германиядагы мекендештерим билим алууга басым жасап, жок дегенде бир кесиптин ээси болууга умтулат. Элибиз менен бөлүшө турчу көп ойлорубуз бар. Ошонун баарын "Азаттык" чагылдырып келет. Анан алар үнүбүз болбогондо ким болот? Сайттын бөгөттөлүшүнө ичим ачышты. Мага окшогон активисттер тынчсызданышууда. Тез арада абал ордуна келет деген үмүтүбүз бар".
Ал эми Италиянын Сардиния аймагындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Миргүл Өмүралиева "Азаттык" үналгысынын материалдарын калтырбай окуп турарын, бирок сайтты убактылуу жаап коюу менен Кыргызстандагы элдин көз карашын бир нукка бурууга аракет болуп жатканын жазган.
"Менимче, "Азаттыктын" сайттарын жабуу туура эмес чечим болду деп эсептейм. Анткени ал жерден биз туура жана так маалыматтарды алат элек. Кыргызстандын угармандарына, окурмандарына чектөө коюлуп, алардын көз карашын бир тараптуу нукка буруу болуп жатат деп ойлойм. Бизге, чет өлкөдө жашагандарга сайттардын жабылышы тоскоолдук жок. Мындан ары деле маалыматтарды окуп, угуп, көрө беребиз".
Италияда расмий эсепте 5-6 миңдей, ал эми бейрасмий маалыматта 10 миңдин тегерегинде кыргызстандык бар. Италия - Европа өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын эң көп жараны иштеп, жашап жаткан мамлекеттердин бири.
Дагы караңыз Бүгүн "Азаттык", эртеңчи? Эркин медианы муунткан чечимУчурда Түштүк Кореяда эмгектенип жүргөн Эмилбек Калилов Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы чет өлкөлүк инвесторлорго да терс таасирин тийгизерин эске салган.
"Бизди, айрыкча чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды "Азаттык" радиосунун сайттары чектелет деген кабарлар кабатыр кылып жатат. Анткени сөз эркиндигине карата түздөн-түз басым болуп жатат деп ойлойм. Айрыкча чет өлкөдөн Кыргызстанга бара жаткан инвесторлор ошол өлкөдө сөз эркиндиги барбы-жокпу, кысым болуп жатабы-жокпу, ошону тыкыр карашат. Азыр байкасак, бардык өнүккөн өлкөлөрдө сөз эркиндигине чектөө же кысым жок. Ал эми кысым боло берсе, анда ал мамлекетте диктатура орноп, демократияга кысым пайда болот", - деп жазган Калилов.
Соңку расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын 1 миллион 118 миң жараны чет өлкөдө иштеп жүрөт. Алардын бир миллиондон көбү Орусияда, жүз миңдейи Казакстанда.
Шаршембиде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчилиги бул кадамды эркин медианын куугунтуктоо жана кыргыз демократиясына көлөкө түшүрчү чечим деп баалады.
Көп өтпөй бир катар эркин маалымат каражаттары, журналисттер министрликтин "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу чечимин сынга алып кайрылуу таратышты.
Кайрылууда чечим "Калкты жалган маалыматтардан коргоо" мыйзамын да тикелей бузары, "Настоящее время. Азия" редакциясынын YouTube каналындагы "Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы оор салгылаш" деп аталган программасын алып салуу талабы "Жалган маалыматтан коргоо" мыйзамына дал келбей турганы белгиленген.
28-октябрда Кыргызстандагы эркин медиа каражаттары кысымга каршы #күччындыкта #силавправде хэштегдери менен масштабдуу маалыматтык өнөктүк баштады.
Бул күнү өлкөдөгү медиа каражаттары бир учурда саат 9.00дөн 12.00гө чейин бир дагы жаңылык чыгарбайт. Бул аралыкта кабарлардын ордуна “Жаңылык чыкпайт. ЖМКга кысым күчөдү” деген текст чыгып турат. Ошону менен катар эле күн бою мамлекеттик органдардын пресс-релиздерин чыгарбай турган болушту.