Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Сосновка аймактарында жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Чектөө жасалма тыгындарды болтурбоо максатында 27-октябрда саат 14:15тен тартып киргизилгенин жана ал аба ырайы жакшырганга чейин улана турганын Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады.
Министрлик транспорт ишканалары жолду кардан тазалоо жана кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады. Жолго чыккан айдоочуларга автоунаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыруу, чынжыр, күрөк ала жүрүү сунушталды.
Кыргызстанда 17-октябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. "Кыргызгидромет" өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерге кар жаай турганын кабарлаган. 25-октябрдан тартып бир катар облустарда жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганы маалымдалган.(КЕ)
Дагы караңыз
АКШ менен Израилдин президенттери ирандык дрондор маселесин талкууладыМектептер менен жогорку окуу жайларына аскердик даярдык сабактары киргизилетБишкек-Ош жолунун боюнда киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды Темир Сариев: Өкмөт "Азаттык" боюнча чечимин кайра карап чыгышы керек