Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:47

Мектептер менен жогорку окуу жайларына аскердик даярдык сабактары киргизилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бардык мектептерде жана айрым жогорку окуу жайларында аскердик даярдык сабактары киргизилерин, азыр мугалимдердин кошумча штатын ачуу боюнча иштер жүрүп жатканын бүгүн 27-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Башкы штабдын башчысы Эрлис Тердикбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жогорку окуу жайларынын арасынан Медициналык академиядан башкасынын баарында мурдагы аскердик кафедралар жоюлган, азыр запастагы офицерлерди даярдоо үчүн аларды кайра ачуу жагы караштырылууда. Ошондой эле, Тердикбаев белгилегендей, мындай даярдык мектептерде да жүргүзүлөт:

“Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо сабактары кээ бир мектептерде болуп жатат, кээ бирлеринде жок. Бул боюнча биз өкмөттөн тапшырма алганбыз. Азыр Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мындай сабакты ар бир мектепке киргизүү жагы каралып жатат”.

Кыргызстанда милдеттүү аскердик кызматка жылына эки жолу 18-25 жаштагы эркектер чакырылат. (RK)

XS
SM
MD
LG