26-октябрда Бишкек-Ош жолунун Ноокен районунун Достук айыл аймагынан өткөн тилкесинде, жол четиндеги арыктан эркек кишинин сөөгү колу-буту байланган, көмкөрөсүнөн жаткан абалында табылды.
"Азаттыкка" Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашкандай, ал 35-40 жаштардагы азият түспөлүндөгү адам.
Окуя болгон жерге Ноокен райондук милициясы сөөктөн киши колдуу белгилерди аныкташкан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголду.
Соттук-медициналык жана экспертизалар дайындалды.
Маркумдун тек-жайы аныктала элек.(TB)
Дагы караңыз
Президент Садыр Жапаров Астанага бардыБишкекте журналист кол салууга кабылдыКоомчулук "Азаттыктын" сайтын жапкан чечимди айыптады Медиакоомчулук "Азаттыктын" сайтын жабуу чечимин артка кайтарууну талап кылды Мамбетжунус Абылов суракка алып келинди