Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Казакстандын борбору Астанага иш сапары менен барды.
Анын алкагында президент "Борбор Азия - Европа Биримдиги" лидерлеринин биринчи жыйынына катышат. Мындан тышкары жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Президенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, мамлекет башчы Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине да катышат.(ZKo)
Дагы караңыз