"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин ишин Касиет Мамырбай улантарын билдирди

Касиет Мамырбай маалымат жыйынында, Бишкек. 27-октябрь, 2022-жыл.

Жарандык активист, эки айга камалган Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай "Кемпир-Абадды коргоо жана кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди чечүү" комитетинин ишин улантууну колуна алды. Ал бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда маалымат жыйынында билдирди.

Касиет Мамырбай апасы мыйзамсыз кармалганын белгилеп, сөз эркиндигине басым жасалып, пикирин ачык айтып, бийликти сындагандарга саясий куугунтук болуп жатканын айтты.

Касиет Мамырбай аталган комитеттин ишин улантуу жана жапырт камалгандардын үй-бүлөлөрүн колдоо максатында атайын эсеп ачылганын 25-октябрда Инстаграммдагы баракчасына жазган.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-24-октябрда кармалып, "калайман башаламандык уюштурууга даярданган" деген шек менен эки айга камакка алынган. Ички иштер министрлиги алар Кылмыш кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") менен кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

27-октябрь күнү экс-элчи Мамбетжунус Абылов ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка алып келгени кабарланды.

Башаламандыкка шектелип кармалгандардын баары өздөрүнүн мыйзамсыз кармалганын айтышууда.

Президент Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине чекитти сот кое турганын айткан. (ZKo)

Дагы караңыз

Бишкекте журналист кол салууга кабылдыКоомчулук "Азаттыктын" сайтын жапкан чечимди айыптады Медиакоомчулук "Азаттыктын" сайтын жабуу чечимин артка кайтарууну талап кылды Мамбетжунус Абылов суракка алып келиндиПрезидент Садыр Жапаров Астанага бардыКыргызстан көмүр жана электрди сырттан алатТазабек Икрамов "Азаттыктын" сайтын эки айга жабуу чечимин сындадыМолдовалык ишкерлер АКШнын "кара тизмесине" кирди