Иранда студент кыз Махса Амининин кыркылыгында акция өттү

Махса Амининин мүрзөсү. Иран

Ирандыктар хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармалып, көп өтпөй көз жумган Махса Амининин кыркында маркумдун мүрзөсүнө барышты. Коопсуздук кызматынын эскертүүсүнө карабай, ондогон кыз-келин жана эркек кишилер Амининин кичи мекени Сакез шаарындагы көрүстөнгө чогулду. Ал жерден тартылган видеолордо “Аял, жашоо, эркиндик!”, “Диктаторго өлүм!” деген ураандар жаңырганын угууга болот.

22 жаштагы студент кыз 16-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалып, көз жумганы белгилүү болгондон кийин Ислам жумуриятынын булуң-бурчунда нааразылык акциялары башталган. Бийлик демонстрацияларды күч менен басып келатат.

Ирандагы адам укуктарынын абалына байкоо салган Ослодогу уюмдун маалыматына ылайык, бери дегенде 215 киши набыт болду, арасында 27 бала бар.

1979-жылдагы Ислам революциясынан берки эң ири акциялардын башында аялдар менен окуучу кыздар турат.

25-октябрда бир катар университеттерде студенттер митингдерге чыгышты.

Дагы караңыз

Кыргызстандан алтын руда, концентрат экспортуна убактылуу тыюу салынатБишкектеги сотто айыпталуучуга бензин чачып, өрттөө аракети болдуДнепр шаарында орус ракетасынын соккусунан кош бойлуу аял каза тапты Президент Жапаров Борбор Азия жана ЕБ лидерлеринин жыйынына катышат