Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:07

Бишкектеги сотто айыпталуучуга бензин чачып, өрттөө аракети болду


Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алдамчылыкка айыпталган жаранга бензин чачып, өрттөө аракети болду. Окуя 26-октябрда сот отуруму өтүп жатканда болгонун аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иште күбө катары өтүп жаткан жаран айыпталуучуну көздөй бензин чачып, өрт тутандыргычты аны көздөй ыргыткан. Соттун маалыматына караганда, күбө бул күнкү отурумга чакырылган эмес, өз каалоосу менен келген.

Социалдык түйүндө бул окуядан кийинки ызы-чуу жазылган тасма тарап, айрымдар айыпталуучунун адвокаты жабыркаганын жазышты.

  • Кыргызстанда айыпталуучуга зот залынан бензин чачып өрттөө аракети 2014-жылы катталган. Чаек айылынын жашоочусу, Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө шектүү жергиликтүү үч милиция кызматкеринин соту жүрүп жаткан учурда жабыркаган тарап май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркаган айыпталуучулардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда качып кеткен үчүнчү милиционердин сөөгү үч айдан кийин табылган. Мындан кийин соттолуп жаткан эки милиционерге өрт койду, бирөөнү өлтүрдү деген негиз менен үч киши 16 жылдан 19 жылга чейин, бирөө беш жылга эркинен ажыратылган. Калган 12 киши эки жылдан шарттуу кесилген. Мамбеталиевдин өлүмүнө шектүү, аман калган эки милиция кызматкери 15 жылга соттолгон. (SE)

XS
SM
MD
LG