2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандан алтын камтыган руда жана концентратты экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык, 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) Кыргызстандан ташып чыгарууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленүүдө", - деп жазылган анда.
Маалыматка караганда, "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы, концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилип жатат.
Министрлер кабинетине убактылуу тыюу салууну 2023-жылдын 1-ноябрынан тартып ар бир алты айда узартып туруу тапшырылды. (КЕ)
Дагы караңыз
Президент Жапаров Борбор Азия жана ЕБ лидерлеринин жыйынына катышатБишкектеги сотто айыпталуучуга бензин чачып, өрттөө аракети болдуТөө-Ашуудагы автоунаа кыймылына чектөө киргизилдиЧек ара: дайынсыз кеткен жоокерге таандык деген сөөктүн ДНК-анализи чыкты