Төө-Ашуудагы автоунаа кыймылына чектөө киргизилди

Төө-Ашуудагы автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунан жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдагандай, чектөө бүгүн, 26-октябрда саат 11:40тан тартып киргизилди, аба ырайы жакшырганга чейин уланат.

Маалыматка ылайык, ашууда кар бурганактап жаап жатат. Транспорт ишканалары жолду кардан тазалоо жана кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүп жатканын министрлик маалымдады.

Кыргызстанда 17-октябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. "Кыргызгидромет" өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерге кар жаай турганын кабарлаган. 25-октябрдан тартып бир катар облустарда жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганы маалымдалган.(ZKo)

Дагы караңыз

Акыйкатчы институтунун 20 жылдыгы белгиленүүдөЭски аянтка белгиленген митинг болгон жокКемпир-Абад: Суунун чеги суроо жаратууда 27-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот