Шаардык мэриянын маалымдашынча, 26-октябрдан тартып Бишкекке жылуулук берилди. Маалыматка ылайык, жылуулук алгач ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге жана башка социалдык мекемелерге берилди. Андан кийин турак жайларга, ишкана мекемелерге берилет.
Жылуулук бериле баштаганда шаардын борборундагы Москва-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу түтүгү жарылган. Күбөлөр бийиктиги 10 метрге жеткен ысык суу фонтаны бир нече мүнөт атырылып турганын соцтармактарга жазышты. Мэрия маалыматты ырастап, түтүктөр калыбына келтирилгенин билдирди.
Кыргызстанда 17-октябрдан аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. "Кыргызгидромет" өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерге кар жаай турганын кабарлаган. 25-октябрдан тартып бир катар облустарда жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганы маалымдалган.(ZKo)
Дагы караңыз
Соцтармактарда жапырт камалгандарды колдоо үчүн акча чогултуу иши башталдыКемпир-Абад: эл аралык уюмдар жапырт кармоону айыптадыОрусиянын соту америкалык баскетболчунун апелляциялык арызын четке какты Түштүк Корея Кыргызстанга төрт "Тез жардам" автоунаасын берди"Ыплас бомба" деген эмне? Киев МАГАТЭ инспекторлорун чакырдыРахмон Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилгенин бышыктады