Орусия АКШга стратегиялык өзөктүк машыгуусу башталганын билдирди

"Калибр" канаттуу ракета суу үстүндөгү кемеден жээкти көздөй учурулган кези. "Гром-2019" асердик машыгуу учуру. Баренцев-Каспий алкагы. (Архивдик фото)

Шейшембиде Орусия АКШга "Гром" деп аталган стратегиялык өзөктүк машыгуусу башталганын расмий билдирди. Машыгуунун алкагында өзөктүк куралды алып жүрүүчү баллистикалык ракеталар учуруларын Пентагон жана Мамдепартамент маалымдады.

Жыл сайын өтүп келген машыгуулар быйыл Орусиянын Украинадагы согушу учурунда өзгөчө көңүл борборунда.

"Машыгуу жөнүндө билдирүү менен Орусия курал-жаракты көзөмөлдөө жаатындагы милдетин аткарды", - деди Пентагондун басма сөз катчысы

Мамдепартаменттин өкүлү Нед Прайстын айтуусунда, маалымдоо машыгуулар тууралуу натуура ойлордун алдын аларын айтты.

Буга чейинки машыгуулар Орусия Украинага кол салардын алдында болгон. Бирок аскердик машыгуу тууралуу алдын ала маалымдалган эмес.

Октябрдын башында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянс сыноолор жана машыгуулардын жүрүшүнө кылдат байкоо саларын билдирген.

Бул аралыкта НАТО Бельгияда Steadfast Noon деп аталган аскердик машыгуусун баштады. Анда түндүк атлантикалык альянска мүчө 14 өлкөнүн стратегиялык эмес өзөктүк куралдары колдонулат.

Дагы караңыз

Соцтармактарда жапырт камалгандарды колдоо үчүн акча чогултуу иши башталдыТүштүк Корея Кыргызстанга төрт "Тез жардам" автоунаасын бердиКемпир-Абад: эл аралык уюмдар жапырт кармоону айыптадыБиринчи май райсоту 22 жаранга чечим чыгарды "Ыплас бомба" деген эмне? Киев МАГАТЭ инспекторлорун чакырдыОрусиянын соту америкалык баскетболчунун апелляциялык арызын четке какты