7 миллионунчу болуп төрөлгөн бөбөккө 1 млн. сомдук сертификат тапшырылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Жакшылыктын ата-энеси Валижан жана Айжаркын Абдрасуловдор менен жолугушту. Аларга депозиттик эсеп ачуу үчүн 1 млн. сомдук сертификат тапшырылды. Жакшылык 16 жашка жеткенде бул сумма 11,5 млн. сомго жетет. Мындан тышкары наристенин ата-энеси 200 миң сомдук сертификат ала турганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, өлкөнүн жети облусунан жана Бишкек шаарынан жети миллионунчу кыргызстандык менен бир мезгилде төрөлгөн 8 ымыркайдын ата-энелерине да 200 миң сомдон берилет. Балдардын ата-энелерине көрсөтүлгөн суммага сертификатты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тапшырат.

Өлкөнүн жети миллионунчу жашоочусу 19-октябрга караган түнү саат 2:10дө Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн.

Президент Садыр Жапаров наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, ымыркайга Жакшылык деген ат коюуну сунуштаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Медиа уюмдар акыйкатчыдан Венеция комиссиясына кайрылууну сураныштыАктивист Атай Бейшенбек эки айга камалдыТокмоктогу мал базарда аксакалдын акчасын уурдоого шектүү адам кармалдыРахмон Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилгенин бышыктады