Аба ырайы: күн салкындайт

26-октябрда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда, тоо этектеринде жаан жана кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10;

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…11, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;

Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 7…12;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2 градус.

Бишкекте түнкүсүн жана кундүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 8…10° градус жылуу болот.

Дагы караңыз

ИИМ кармалгандарга тагылган айып тууралуу маалымат берди Германиянын президенти Штайнмайер Киевге бардыЧек ара жаңжалында дайынсыз жоголгон жоокердин апасы элчиге кайрылды Дастан Бекешев активисттер менен саясатчылардын камалышын сынга алдыАбылов: Кемпир-Абадды коргоо комитетинин бийликти басып алуу ниети болгон эмес