Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:07

Германиянын президенти Штайнмайер Киевге барды


Франк-Вальтер Штайнмайер.
Франк-Вальтер Штайнмайер.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер шейшембиде эртең менен Киевге барды. Сапар тууралуу алдын ала маалымдалган эмес. Немис мамлекет башчысы согуш башталгандан бери украин жергесине биринчи жолу келди. Штайнмайер 12-апрелде Киевге бет алмак, бирок украин тараптын демилгеси менен сапары болбой калган.

Ошол кезде Германиянын маалымат каражаттары "согушка чейин Орусия менен тыгыз байланыштыры үчүн сынга кабылып келген Штайнмайер менен Зеленский жолуккусу келген эмес" деп жазышкан.

24-февралдан кийин немис президенти саясий баа берүүдө ката кетиргенин айтып, "Түндүк агым-2" газ куурун колдогонуна өкүнгөнүн айткан.

Штайнмайер 20-октябрда Киевге барат деп күтүлгөн, бирок орус армиясы украин шаарларын аткылагандыктан, коопсуздук себептеринен улам сапар кийинкиге калган.

XS
SM
MD
LG