Равшан Жээнбеков 20-декабрга чейин камакка алынды

Равшан Жээнбеков сот залынды.

"Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн" деп шек саналган саясатчы Равшан Жээнбеков 20-декабрга чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасы 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Андан тышкары, журналист жана саясат талдоочу Айданбек Акматов, жарандык активисттер Али Шабдан, Таалай Мадеминов, "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери Чыңгыз Капаров, саясатчы Азимбек Бекназаров, президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бусурманкулов да эки айга камалган.

Равшан Жээнбеков кармалгандарга "жасалма айып коюлуп жатканын" билдирген.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон тергөө абагында камакта болору кабарланды.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алардын ишине байкоо салып жатканын акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирген. Кармалгандар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" болуп келатышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Садыр Жапаров ушул күнү улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (SE)

Дагы караңыз

Сот Бекназаровду 23-декабрга чейин камакта калтырдыШойгунун опурталдуу билдирүүсүн Батыш четке какты Токаев Казакстандын жаңы аскердик доктринасын бекиттиЖурналисттин өлүмү: 15 жыл чыкпаган чындык