Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Шойгунун опурталдуу билдирүүсүн Батыш четке какты 


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Батыш мамлекеттери жана Киев "Украина өз аймагында "ыплас бомба" колдонууну көздөп жатат" деген Москванын билдирүүсүн "карандай калп" деп четке какты. 23-октябрда орус коргоо министри Сергей Шойгу бир катар чет өлкөлүк министрлер менен телефондон сүйлөшкөндө ушундай билдирүү менен чыккан.

Киев Улуттар уюмуна караштуу Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин миссиясын «ыплас бомба» тууралуу маалыматтарды текшерүү үчүн Украинага чакырды.

Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба «Твиттерге» жазды. Анын айтымында агенттиктин башчысы Рафаел Гросси миссия жөнөтүүгө макул болду.

«Орусиядан айырмаланып, Украина ар дайым ачык болчу жана ачык бойдон калат. Бизде жашыра турган эч нерсе жок»-деп жазды Кулеба.

Жекшембиде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Британия, Франция жана Түркиянын коргоо министрлерине чалып "Украина өз аймагында "ыплас бомба" колдонууга даярданып жатканы тууралуу маалыматтар" тынчсыздантып жатканын билдирген. Буга эч кандай далил келтирген эмес.

Шойгунун сөздөрүн 24-октябрда өткөн жыйында Орусиянын өзөктүк, биологиялык жана химиялык чабуулдардан коргонуу тармагын жетектеген генерал Игорь Кириллов дагы кайталады:

-Биздеги маалыматтарга караганда, эки украин мекемесине «ыплас бомба» даярдоо тапшырмасы берилген. Азыр иш соңку баскычына жетип калган.

Ал эми мамлекеттик РИА "Новости" агенттиги жарыялаган маалыматка ылайык, «ыплас бомба» жасоо тапшырма Днепропетров облусундагы комбинатка жана Киевдеги өзөктүк иликтөөлөр институтуна берилген.

Украин бийлиги эч кандай "ыплас бомбасы" жоктугун, андай куралды колдонуу ниети да жоктугун билдирди. Президент Владимир Зеленский Европада өзөктүк курал колдонуу жөнүндө Орусиянын лидери Владимир Путинден бөлөк эч ким ойлобой турганын билдирди.

"Орусиянын коргоо министри бүгүн «ыплас бомба» тууралуу чет өлкө министрлерине чалып чыкса деле баары бардыгын түшүнүп турушат. Алар бул согуштагы ыплас нерселердин булагы ким экенин билишет. Москва Запорожье атомдук электр станциясында өзөктүк шантаж баштады, Украинадагы өзөктүк обьектилеринин үстүнөн орус ракеталары учуп жатат. Орус аскерлери Каховка ГЭСинин агрегаттарын жана дамбасын миналап салып, жардырып салабыз деп коркутууда",- деди Зеленский.

АКШ, Франция жана Британия Орусиянын “ыплас бомба” тууралуу келтирген жүйөлөрүн төгүндөп, Москва муну Украинадагы согушту күчөтүү үчүн колдонушу мүмкүн экенин белгилешти. Бул тууралуу үч өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин сайтында жарыяланган текстте айтылгандай, үч өлкө тең орус тараптын билдирүүсүн “жалган” деген маалымат тараткан.

“Бул айыптоолор эскалацияга шылтоо катары колдонулуп жатканын дүйнө көрүп-билип турат. Биз Орусия эскалация үчүн пайдалангысы келген бардык шылтоолорду мындан ары да төгүндөп турабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

"Ыплас бомба" - бул динамит сыяктуу кадимки жардыруучу заттар менен радиактивдүү заттардын кошулмасы. Динамит же башка жардыруучу зат жарылганда радиоактивдүү материалдар айлана-чөйрөгө тарап кетет.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусиянын "жалган ырастоосун" сынга алды. Бул тууралуу ал 23-октябрда украин кызматташы Дмитрий Кулеба менен телефондон сүйлөшкөндө айтты. Ал ошондой эле Вашингтон Киевге колдоо көрсөтүүнү уланта берерин кошумчалады.

Украина 1990-жылдары Орусия кол салбайт деген кепилдик менен өзөктүк куралынан баш тарткан. Бирок Москва өз сөзүнө турбай 2014-жылы Украинага кол салган. Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Москва аннексиялап алган Украина аймактарын коргоо үчүн керек болсо өзөктүк курал да колдонорун эскерткен. АКШ президенти Жо Байден Путиндин өзөктүк курал менен "коркутуп-үркүткөнү тамаша эмес" деп айткан.

Ушул тапта украин күчтөрү контрчабуулун улантып, орус армиясын басып алган аймактарын бошотуп келатат.

"Жанкечти дрондордун көбү абадан жок кылынууда"

Британиянын Коргоо министрлиги 24-октябрда билдиргендей, "Шахид-136" деп аталган жанкечти дрондорду атып түшүрүү боюнча украиналыктардын аракети ийгиликтүү болууда. Иранда өндүрүлгөн бул аппараттар менен Орусия украин шаар-кыштактарын тынымсыз аткылап жатат.

Министрликтин маалыматына караганда, бул дрондор келатканда катуу үн чыгарып, жапыз жана салыштырмалуу жай учкандыктан аларды абадан коргонуу каражаттары менен атып түшүрүү мүмкүн болууда.

Буга чейин украин президенти дрондордун 85% абадан эле жок кылынып жатканын жазган.

Бул аппараттар бутага жетип урунганда жарылып кетет. Украина бул дрондор жарандык инфрастуктурага олуттуу зыян келтиргенин билдирүүдө. Расмий Тегеран Москвага дрон сатканын четке кагууда. Кремль дагы Украинада бир гана орусиялык курал-жабдыкты колдонгонун ырастап жатат.

22-октябрда Тегеран Франция, Германия жана Британиянын БУУга кайрылуусун сынга алды. Аталган мамлекеттер Ирандын Орусияга дрон сатканын иликтөөгө чакырышкан.

XS
SM
MD
LG