Журналист жана саясат талдоочу Айданбек Акматов менен жарандык активист Али Шабдан 20-декабрга чейин камалды. 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ушул эле күнү "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери Чыңгыз Капаровго ушундай чечим чыккан.
Айданбек Акматов 1997-2017-жылдары "Азаттык" радиосунун кабарчысы жана саясий баяндамачысы болуп иштеген. 2021-жылы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №3 Кадамжай округунан талапкер болгон. Ал Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүүгө жол бербөөгө чакырган саясатчыларда жана активисттерде бийликти басып алуу ниети болбогонун мурдараак "Азаттыкка" билдирген.
Али Шабдан коомдук-саясий окуяларга көз карашын эркин билдирип келаткан жарандык активист. Ал кармалышын мыйзамсыз жана түшүнүксүз экенин айтууда.
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алардын ишине байкоо салып жатканын акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирген. Кармалгандар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" болуп келатышкан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.
24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.
Садыр Жапаров ушул күнү улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.
Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (SE)
Дагы караңыз
Шойгунун опурталдуу билдирүүсүн Батыш четке какты Украинанын күчтөрү Херсон облусунда 90 айылды бошоттуБританиянын башкаруучу партиясы Риши Сунакты премьерликке тандады