Украина Иранда жасалган дрондорду атуу үчүн Израилден жардам алды

Орусия Украинага каршы колдонуп жаткан ирандык өндүрүштөгү "Шахид 136" дрондору.

Орусия согушта колдонуп жаткан ирандык өндүрүштөгү "Шахид 136" сокку уруучу учкучсуз учактарын атып түшүрүү үчүн Израил Украинага чалгын маалыматтарын берди. Бул тууралуу The New York Times басылмасы атын атоодон баш тарткан украин аткаминерине таянуу менен кабарлады.

Булак өз сөзүндө Израилден алынган маалыматтар ирандык дрондорду бутага алып, мелжегенге пайдасын тийгизгенин кошумчалады. Израил да, Украина да бул кабарды расмий комментарийлешкен жок.

Өткөн аптажа украин бийлиги Израилге кайрылып, абадан коргонуу системаларын жардам катары берүүсүн өтүнгөн. Киев буга Израилдин каршылашы Иран Орусияга дрон жеткирип жатканын жүйө келтирген. Израилдин коргоо министри Бенни Ганц бул өтүнүчтү четке каккан. Ошол эле маалда абадагы учууларды эскертип турчу системаларды берүүгө макулдук бергени айтылган.

Москва менен Тегеран Орусияга Ирандан учкучкуз учактар келип жатканы тууралуу маалыматтарды ырастабай келатат. Украиналык жана эл аралык адистердин жоон тобу орус тарап соңку апталарда колдонуп "Герань-2" дрону ирандык "Шахид-136" экенин, болгону анын сыртын жасалгалап коюшканын белгилеп жатышат. Ал дрондор Украинанын ири шаарларындагы жарандык объектилерди сокку урууда.

Улуу Британиянын Коргоо министрлиги 24-октябрда тараткан билдирүүсүндө, Украина аталган жанкечти дрондор менен ийгиликтүү күрөшө баштаганын маалымдады. Алардын ырасташынча, украиндер ирандык өндүрүштөгү дрондордун 85% атып түшүрүп жатат.

Украинанын Чалгын кызматынын (ГУР) башчысы Кирилл Буданов "Украинская правда" басылмасына курган интервьюсунда учкучсуз учактардын 70% талкаланып жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, Орусия Иранга 1700 дронго буйрутма берип, анын 600үн алды. Ушул күнгө чейин аппараттардын 300 даанасы колдонулду. (ErN)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыктыКармалган саясатчылардын жана активисттердин бөгөт чарасы сотто карала баштадыТажикстан көмүр экспорттоого тыюу салдыЖалал-Абадда жана Өзгөндө бийликтин саясатын колдогон митинг өттү Жапырт кармоо: укук коргоочулар камактагылардан кабар алып чыгышты