Жапырт кармоо: укук коргоочулар камактагылардан кабар алып чыгышты

Кармалган оппозициялык саясатчылар жана активисттер.

Кармалган оппозициялык саясатчылар жана активисттер.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова менен биргеликте "массалык башаламандык уюштурууга даярданган" деген шек менен кармалган саясатчылар жана активисттер камалган убактылуу кармоочу жайларга барышты. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.

Камакка алынгандар ал жерде ырайымсыз мамилеге туш болбогонун билдиришкен. Бирок төшөнчө, гигиеналык каражаттар жетишсиз экенин айтышкан.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алардын ишине байкоо салып жатканын акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирген. Камакка алынгандардын арасында "Азаттыктын" мурдагы кабарчысы, журналист Айданбек Акмат уулу да бар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү.

Камакка алынгандар "Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилип жатат" деп бийликти сындап келатышкан. Президент Садыр Жапаров чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. (SE)

Дагы караңыз

Жарандык активист Тилекмат Куренов өлкөдөн чыгып кеткенин билдирдиЖапырт камалган саясатчылар жана активисттер кимдер? Пакистандын бийлигин сындаган журналист Кенияда каза болду "Кылмыш ишин аягына чыгарып бергиле". Саиповдун апасы бийликке кайрылды