Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:21

"Кылмыш ишин аягына чыгарып бергиле". Саиповдун апасы бийликке кайрылды


Зайнапхан Саипова
Зайнапхан Саипова

Мындан 15 жыл мурун киши колдуу болгон, таанымал журналист Алишер Саиповдун апасы Зайнапхан Саипова президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, уулунун ишин иликтөөгө чекит коюп берүүнү суранды.

Кайрылууну 24-октябрда Бишкекте Саиповду эскерген иш-чарада иниси Шахрух Саипов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго берди. Байсалов аны мамлекет башчыга тапшырарын айтты.

"Мындан ары тергөө иштеринен үмүтүм деле калган жок. Баламды өлтүрүүгө буйрук бергендер, аны аткаргандар деле мүмкүн азыр бул жашоодо жоктур... Болгону, уулум Алишердин ишине саясий баа берип, акыркы чекитти коюп берүүңүздү суранам. Сизге чейин мамлекетибизди башкарган президенттердин уулум Алишердин ишин аягына чыгарууга саясий эрки жетпеди. Андай эркти көрсөтүүнү сизден үмүттөнөм", - дейт Саипова.

Журналистти 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер Ош шаарында атып кеткен. Андан бери 15 жыл өтсө да кылмыштын бети ачыла элек.

Буга чейин "Алишер Саиповдун өлүмүнүн артында Өзбекстандын жашыруун кызматы турат" деген ишенимин журналисттин кесиптештери, бир топ серепчилер айтып чыгышкан. Мындай версияны маркумдун туугандары дагы чындыкка жакын экенин белгилеп келишет. Кыргызстандын ошол кездеги бийлиги Саиповдун өлүмүн журналисттик ишмердиги менен байланыштырган.

Алишер Саипов
Алишер Саипов

Алишердин өлүмүнө айыпталып, 20 жылга камалган киши 2010-жылы күнөөсү жок деген негизде бошотулган. 2012-жылы кылмыш иши кайра карала баштап, 2013-жылы токтотулган. 2019-жылы кылмыш иши кайра жанданып, 2022-жылдын августунда кайра токтотулду. Башкы прокуратура кылмыш иши "айыпталуучу катарында жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу" токтогонун билдирген.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова журналисттин кандай жагдайда өлтүрүлгөнү тууралуу материалдарды сурап, укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок эмгиче жооп ала албаганын билдирди.

Алишер өлтүрүлгөн учурда жанында болгон кесиптеши Икбол Мирсаидов органдардын тийиштүү суроолоруна кезинде жооп бергенин айткан.

"Бул темада сүйлөө мага оор" деген Мирсаидов андан бери журналисттерге жана анын жакындарына комментарий берүүдөн баш тартып келүүдө.

Кыргыз медиа коомчулугу Алишердин өлүмү аягына чейин иликтенбей калып кетиши журналисттерде чочулоону күчөтүп, басма сөз эркиндигине, жарандардын эркиндигине терс таасирин бериши мүмкүн деп кооптонуусун билдирип келет.

24-октябрда анын Алишердин бир туугандары Бишкекте эскерүү кечесин өткөрүштү. Алар Алишер Саипов атындагы фонддун ишмердигин жандантып, журналисттерди окутуп, иликтөөчүлөргө стипендия уюштурууну пландаштырып жатышат.

Алишер колдонгон компьютер жана башка буюмдар өзүнүн үйүнүн бир бөлмөсүндөгү музейге коюлган.
Алишер колдонгон компьютер жана башка буюмдар өзүнүн үйүнүн бир бөлмөсүндөгү музейге коюлган.

Саиповдун ысымы Вашингтондогу Newseum маалымат музейинде жазылган. Ал жердеги мемориал дүйнө жүзүндөгү кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү үчүн ачылган. 2018-жылы ага эл аралык Сахаров сыйлыгы ыйгарылган.

Туугандары Алишер өзү туулуп-өскөн Ош шаарындагы үйүнүн бир бөлмөсүнө анын кийимдерин, колдонгон буюмдарын чогултуп, музей кылып коюшкан.

Алишердин артында калган кызы Зулайка быйыл 15 жашка толду.

XS
SM
MD
LG